Бул жарым жылдыкта биздин методикалык колдообуз сиздин окутуу иш-аракеттериңизди төрт негизги аспект боюнча колдоого багытталат:
Бул окутуу элементтери алдыңкы педагогикалык тажрыйбанын бир бөлүгү болуп саналат жана окуучулардын ар кандай муктаждыктарын канааттандырууга багытталат. Сиздин сабагыңызга байкоо жүргүзгөндөн кийин, кээ бир маселелер боюнча кайтарым байланыш билдиргим келди. Бул кайтарым байланышты сиз менен бирге талкуулайбыз жана сиз аны кийинки сабактарда эске алсаңыз болот. Кайтарым байланыш сиз үчүн пайдалуу болот деп үмүттөнөм.
Окуучулардын топто жана жупта иштөөсүн уюштуруу - Мактоо
Сабактын башынан аягына чейин окуучу ар башка классташтары менен иштеши үчүн Сиз ролдорду жана милдеттерди туура бөлүштүрүп же шарт түзүп берүү менен окуучулардын топтордо иштөөсүн кандайча уюштурганыңызды баса белгилегим келет. Окуучулар арасында ролдорду бөлүп берип, алардын кызыкчылыктарына, көндүмдөрүнө жана жөндөмдөрүнө жараша бир топко биригүүсүнө жардам бердиңиз. Бул окуучуларга, өзгөчө, окууда кыйынчылыктарга дуушар болгон окуучуларга көбүрөөк ишеним берди.
Окуучулардын топто жана жупта иштөөсүн уюштуруу - жакшыртуу боюнча сунуштар
Балким, кандайдыр бир себептерден улам, бирок Сиз бүгүнкү сабагыңызда топтордо же жупта иштөө формасын пайдаланган жоксуз. Окутууда окуучулардын социалдашуусу жана теңтуштары менен баарлашуу маанилүү. Топтоштуруунун ар кандай ыкмаларын пайдалануу менен, Сиз окуучуларга керектүү байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берип, социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүп, адрестүү окууга шарт түзүп бердиңиз. Эгер ылайыктуу болсо, сабакта топ менен жана жупта иштөө жана бардык окуучуларды окуу ишмердүүлүгүнө тартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштайм.
Окуучуларды топторго бөлүштүрүү - жакшыртуу боюнча сунуштар
Сиз сабагыңызда топ менен жана жупташып иштөөнү пайдаланып, көбүрөөк окуучуларды тартуу үчүн жасаган аракеттериңизди мактап кетким келет. Ошентсе дагы, топтун курамын өзгөртпөстөн, бир эле окуучуларга дайыма бирге иштөөнү сунуштап жаттыңыз. Окуучуларды группаларга бөлүштүрүүнүн ыкмасын өзгөртүү мүмкүндүгүн карап көрсөңүз жана окуучуларга ар кайсы тапшырмаларды аткарууда ар башка классташтары менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берсеңиз. Окуучуларды ар башкача топтоштуруу үчүн өзүңүздүн байкоолоруңузду жана калыптандыруучу баалоону пайдаланууну сунуштайм.
Сиз сабагыңызда окуу материалынын мазмунун берүү үчүн ар түрдүү ыкмаларды жана материалдарды, анын ичинде, көрсөтмө куралдарды, санарип ресурстарын же манипулятивдик материалдарды пайдаланганыңызды байкадым. Бул окуучулардын көңүлүн буруу, окуу материалынын мазмунун жандандыруу үчүн эң жакшы стратегия жана окуучуларга кабыл алуу сезимдеринин бир нече түрүн колдонуп, сабактын мазмунун өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Сизге мындан ары бул ыкмаларды сабактарыңызга киргизүүдө ийгиликтерди каалайм!
Сиз сабагыңызда окуу материалынын мазмунун жеткирүү үчүн ар түрдүү материалдарды жана окуу куралдарды пайдаланбаганыңызды байкадым. Окуу материалынын мазмунун берүү үчүн ар түрдүү ыкмаларды жана материалдарды колдонуу окуучулардын көңүлүн буруу, окуу материалынын мазмунун жандандыруу үчүн жана окуучуларга кабыл алуу сезимдеринин бир нече түрүн колдонуп, сабактын мазмунун өздөштүрүүгө мүмкүндүк берүү үчүн пайдалануу. Сизде келечекте ушуга окшогон сабактарда кандай көрсөтмө куралдарды, санарип ресурстарын же манипулятивдик материалдарды пайдалануу боюнча идеяңыз барбы? [Мугалимге ойлонууга жана жооп берүүгө убакыт бериңиз]. Сиз өзүңүздүн сабагыңызды кесиптешиңиз, насаатчыңыз же мектеп китепканачысы менен биргеликте пландасаңыз пайдалуу болмок. Мен аларда Сиз менен бөлүшө турган материалдары бар деп ишенем. Кээде Сиз окуучулар же алардын ата – энелери аткарган иштелмелерди ресурс катары пайдалансаңыз болот. Сиз келечекте сабактарыңызда ар түрдүү аудио жана видео каражаттарын жана материалдарын пайдалануу боюнча идеяларды алууңуз үчүн, биз сиздин кесиптештериңиз менен топтук жолугушуубузда бул маселени талкууласак болот. Сиз муну кандайча ишке ашырып жатканыңызды көрүү үчүн, мен сизге кайрадан жолугууну чыдамсыздык менен күтөм.
Окуу китептерин пайдалануу - сунуштар
Сиздин окуучуларыңыздын 20%ынан көбү сабакка окуу китебин алып келбегенин байкадым. Окуучуларыңызга окуу китептерин дайыма сабакка алып келүү керек экенин эскертиңиз же окуучунун китеби бар же жогун билүү үчүн анын үй-бүлөсү менен байланышыңыз. Сиз, ошондой эле, WhatsAppтан окуучуларыңыздын ата-энелери менен топ түзүп алып, аларга эскертүүлөрдү жазып турсаңыз болот.
Сабакта Сиз окуучулардын ар кандай топторун окуу процессине активдүү тартууга аракет жасадыңыз. Окутуу үчүн классыңыздагы окуучулардын кыз же бала экенине, класстын кайсы бөлүгүндө отурганына, кандай жетишкендикте окугандыгына, же окуусуна тоскоолдуктар бар же жок экенине карабастан, бардык окуучуларга шарт түзүп берүү абдан маанилүү. Мындан ары, Сиздин сабагыңызда бардык окуучулар активдүү катыша алуусуна шарт түзүүдө ийгилик каалайм!
Окутуу үчүн классыңыздагы окуучулардын кыз же бала экенине, класстын кайсы бөлүгүндө отурганына, кандай жетишкендикте окугандыгына, же окуусуна тоскоолдуктар бар же жок экенине карабастан, бардык окуучуларга шарт түзүп берүү абдан маанилүү. Сабактын окуп-үйрөнүү максаттарын окуучулар менен талкуулап, алардын маанилүүлүгүн белгилеп кетүү жана окуучулар өздөрү үчүн максаттарды коюуусу үчүн колдон келишинче шарт түзүүнү эске алыңыз. Класста окуучулардын ар түрдүүлүгү сыйлана тургандай атмосфера түзүңүз. Келечекте, сиздин сабакта окуучулар жеке, топто жана жупта иштөө формасын, окуу ишмердүүлүгүнүн ар кандай түрлөрүн жана дифференцияланган тапшырмаларды пайдаланып, активдүү иштешине шартты дайым түзүп берүүгө чакырат элем.
Сиз өзүңүз окуучуларга берген суроолоруңузга өзүңүз бат-баттан жооп берип жатканыңызды же кээде сиздин суроолоруңузга тезирээк реакция кылган окуучулардын гана жоопторун угуп жатканыңызды байкадым. Бул дүйнөдөгү бардык мугалимдердин жайылтылган катасы – бизге өзүбүз суроо берип, көбүнчө ага кайра өзүбүз жооп берген жагат. Бирок, суроолорубузга өзүңүз жооп бергениңиз окуучуларыңыздын билим алуусуна жардам бербейт. Берилген суроого жооп берүүгө жок дегенде 10 секунд бериңиз, суроолоруңузду башкача формулировка менен берип көрүңүз, андан соң окуучуларга даяр жоопту бербестен багыт бериңиз. Тааныш эмес сөздөрдү, синтаксисти диаграммалардын жана жөнөкөйрөөк сөздөрдүн жардамы менен түшүндүрүп бериңиз. Окутуу учурунда үнүңүз кандай чыгып жатканына жана темпине көңүл буруңуз. Жана кээ бир окуучуларга башкаларга караганда жоопторун толуктап алыш үчүн көбүрөөк убакыт бөлүш керек экенин эсиңизден чыгарбаңыз, ошондуктан аларга да ойлонуп анан жооп берүүгө убакыт берүүнү сунуштайм.
Сабак учурунда Сиз окуучуларыңызга өздөрүнүн көндүмдөрүн ар кандай жолдор менен көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бердиңиз. Окуучуларга өздөрүнүн окуп үйрөнүү натыйжаларын көрсөтүүгө ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берүү окутуунун алдыңкы практикасынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана окуучулардын сабакка активдүү катышуусуна дем берет. Сиз сабак учурунда пайдаланган стратегиялардан тышкары келечекте окуучуларга өздөрүнүн билимин жана көндүмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү кандай стратегияларды пайдаланат элеңиз? [Мугалимге ойлонууга жана жооп берүүгө убакыт бериңиз]. Кесиптештериңизден айрым идеяларды алууңуз үчүн, биз сиздин кесиптештер менен топтук жолугушуубузда бул маселе боюнча талкуу жүргүзсөк болот.
Сиздин сабакта окуучуларыңыз өздөрүнүн көндүмдөрүн бир ыкма менен көрсөтүп жатышканын байкадым [оозеки, жазуу жүзүндө, сүрөт тартып/иллюстрация менен, драма/сахналык оюн көрсөтүп]. Окуучуларга өздөрүнүн окуп үйрөнүү натыйжаларын көрсөтүүгө ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берүү окутуунун алдыңкы практикасынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана окуучулардын сабакка активдүү катышуусуна дем берет. Бул ошондой эле окуучуларды жетишкендиктерин жогорулатууга шыктандырат. Сиз сабак учурунда пайдаланган стратегиялардан тышкары келечекте окуучуларга өздөрүнүн билимин жана көндүмдөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү кандай стратегияларды пайдаланат элеңиз?? [Мугалимге ойлонууга жана жооп берүүгө убакыт бериңиз]. Кесиптештериңизден айрым идеяларды алууңуз үчүн, биз сиздин кесиптештер менен топтук жолугушуубузда бул маселе боюнча талкуу жүргүзсөк болот. Биздин кийинки жолугушуубузда Сиз окуучуларыңыз үчүн окуп үйрөнүү натыйжаларын көрсөтүүгө мындай мүмкүнчүлүктөрдү кантип түзүп бергениңизди көрүү үчүн, мен сизге кайрадан жолугууну чыдамсыздык менен күтөм.
Сабак учурунда Сиз класска, топко же кээ бир окуучуларга жекече кайрылуу менен кайтарым байланыш берип жаттыңыз. Кайтарым байланыш окуучуларды окутууда абдан керек жана оозеки, жазуу жүзүндө же жаңсоо түрүндө берилет. Окуучуларга кайтарым байланыш берүү алардын мотивациясын жана жетишкендиктерин төмөндөтүүгө эмес, жогорулатууга багытталат. Окуучулар менен жакшы кайтарым байланыш “эң жакшы!" же “мындан да жакшы жасай аласың!" деген сыяктуу жалпы фразалар менен эмес абдан конкреттүү калыптанат: ал, эмнени мындан да жакшыраак жасаш керек экени жөнүндө көрсөтмөнү өз ичине камтыйт. Сиз кайтарым байланыш берүү менен окуучулардын өнүгүүсүнө түрткү берип жатканыңыз үчүн сизди мактагым келет. Келечекте, алар окуп үйрөнүү натыйжаларын кантип жакшырта алаарын ушундай эле конкреттүүлүк менен айтууга чакырып кетким келет. Ал окуучуларыңызга- жеке бир окуучуга, топко же класска конкреттүү тапшырмаларды берүүнү өзүнө камтышы мүмкүн.
Сабак учурунда Сиз класска, топко же кээ бир окуучуларга жекече кайрылуу менен окуучуларыңызга кайтарым байланыш берип жаттыңыз. Окуучулар менен кайтарым байланыш алардын мотивациясын жана жетишкендиктерин төмөндөтүүгө эмес, жогорулатууга багытталат. Сиз кайтарым байланышты жөн гана бербестен, ошол замат окуучуларга натыйжаларын жакшыртуу боюнча абдан конкреттүү кийинки кадамдарды сунуштап жатканыңызды көрүп абдан таасирлендим. Бул окуучуларга өздөрүнүн аракетинин, сиздин колдооңуздун жана алардын окуу материалдарын өздөштүрүүсүнүн ортосундагы түздөн-түз байланышты көрүүгө жардам берет. Сиз келечекте мындай өз убагындагы жана максатка багытталган кайтарым байланыш берүүнү окутуу ишмердүүлүгүңүздүн ажырагыс бир бөлүгү катары киргизгениңизди көрүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөм.
Сиз сабагыңызда окуучуларга кайтарым байланыш берүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болуп турса дагы, кайтарым байланыш бербегениңизди байкадым. Кайтарым байланыш окуучуларды окутууда абдан керек жана оозеки, жазуу жүзүндө же жаңсоо түрүндө берилет. Окуучуларга кайтарым байланыш берүү алардын мотивациясын жана жетишкендиктерин төмөндөтүүгө эмес, жогорулатууга багытталат. Окуучулар менен жакшы кайтарым байланыш “эң жакшы!" же “мындан да жакшы жасай аласың!" деген сыяктуу жалпы фразалар менен эмес абдан конкреттүү калыптанат: ал, эмнени мындан да жакшыраак жасаш керек экени жөнүндө көрсөтмөнү өз ичине камтыйт. Эгер сиздин сабактын жүрүшүн эске салсак, окуучуларга кайтарым байланыш берүүгө дагы кандай мүмкүнчүлүктөр болду? [Мугалимге ойлонууга жана жооп берүүгө убакыт бериңиз]. Кесиптештериңизден айрым идеяларды алууңуз үчүн, биз сиздин кесиптештер менен топтук жолугушуубузда бул маселе боюнча талкуу жүргүзсөк болот. Биздин кийинки жолугушуубузда Сиз муну кандайча ишке ашырып жатканыңызды көрүү үчүн, мен сизге кайрадан жолугууну чыдамсыздык менен күтөм.
Сабакта бир нече окуучу окуу материалын өздөштүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышты. Сиз аларды көз жаздымда калтырган жоксуз, ал окуучуларды аныктадыңыз. Сиз аларга жекече көңүл буруп, жалпы класс үчүн суроолоруңузду же тапшырмаңызды башкача формулировка менен берүү же окуу ишмердүүлүгүнүн альтернативдүү түрүн сунуштоо менен алардын кыйынчылыктарын жоюуга аракеттенип жаттыңыз. Окуучуларыңыздын ар кандай муктаждыктарына ушунчалык сезимтал реакция кылганыңыз мактоого татыктуу! Бүгүн окуу материалын өздөштүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болгон окуучулар жалпы эле окууда кыйналышабы? [Эгер жооп "ооба" болсо:] Окуучулардын бул тобуна кыйынчылыктарын жоюуга дагы кандай ыкмаларды колдонуп көрдүңүз? Башка мугалимдер пайдаланса боло турган кандайдыр бир стратегияларыңыз болсо, мени менен бөлүшө аласызбы? [Эгер жооп "жок" болсо:] Бүгүнкү сабакта бул окуучулар үчүн эмне кыйынчылык туудурду деп ойлойсуз? Бул окуучулар артта калбашы үчүн Сиз келечекте, өз сабагыңызда башкача аткара турган бир нерсе барбы?
Сабакта класстагы бир нече окуучу кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышканын, сабакка кыйынчылык менен катышып жатышканын жана сабактын жүрүшүнө араң дегенде жетишип жатышканын байкадым. Бул окуучуларга колдоо көрсөтүү үчүн Сиз жасай турган бир нерсе барбы? Сабакта кыйынчылыктарга дуушар болгон окуучуларга колдоо көрсөтүү үчүн Сиз аларга жекече көңүл буруп, жалпы класс үчүн суроолоруңузду же тапшырмаңызды башкача формулировкада берсеңиз же окуу ишмердүүлүгүнүн альтернативдүү түрүн сунуштасаңыз болот. Кийинки сабактарыңызда бул окуучулар артта калбашы үчүн аларга сунуштай турган конкреттүү иш-чараларды же ыкмаларды алдын ала караштырып көрүүнү сунуштайм. Сиздин тажрыйбаңызды талкуулоо үчүн Сиз менен кайра жолугушуу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөм! Балким ал убакка чейин Сиз, мен башка мугалимдер менен бөлүшө алгыдай кандайдыр бир ыкмаларды колдонуп көрөсүз.
Сабакта Сиз окуганын түшүнүү жана жазуу боюнча стратегияны/стратегияларды колдонгонуңузду баса белгилегим келет. Тандалган стратегия сабактын максатына жана милдетине дал келип, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жаратып, алардын окуу ишмердүүлүгүнө активдүү катышуусуна жакшы шарт түздү, башкача айтканда алар суроолорду түзүп, жоопторду таап, талкуулашып, анализдешип, салыштырып, классификациялап жана тыянактарды чыгарып жатышты. Бул окуучуларга көбүрөөк ишенимдүүлуктү берди, өзгөчө окууда кыйынчылыктары бал балдарга жардамы тийди.Сабактын жүрүшүндө Сиз ар кандай калыптандыруучу баалоонун, өзүн өзү баалоону/ бири бирин баалоону кошуп, ар кандай ыкмаларын колдондуңуз. Окуу, түшунүү жана жазуу боюнча стратегиялардын жана калыптандыруучу баалоонун башка ыкмаларын колдонууда Сизге мындан аркы дагы ийгиликтерди каалайм!
Сабакта Сиз окуганын түшүнүү жана жазуу боюнча стратегияны/стратегияларды колдонгонуңузду баса белгилегим келет. Тандалган стратегия сабактын максатына жана милдетине дал келип, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун жаратып, алардын окуу ишмердүүлүгүнө активдүү катышуусуна жакшы шарт түздү, башкача айтканда алар суроолорду түзүп, жоопторду таап, талкуулашып, анализдешип, салыштырып, классификациялап жана тыянактарды чыгарып жатышты. Бул окуучуларга көбүрөөк ишенимдүүлуктү берди, өзгөчө окууда кыйынчылыктары бал балдарга жардамы тийди.Сабактын жүрүшүндө Сиз ар кандай калыптандыруучу баалоонун, өзүн өзү баалоону/ бири бирин баалоону кошуп, ар кандай ыкмаларын колдондуңуз. Окуу, түшунүү жана жазуу боюнча стратегиялардын жана калыптандыруучу баалоонун башка ыкмаларын колдонууда Сизге мындан аркы дагы ийгиликтерди каалайм!
Менин байкашымча, Сиз сабакта калыптандыруучу байкоону колдонууга аракет кылдыңыз, кээ бир окуучуларга кайра-кайра “Азаматсың” деп айтып мактап жаттыңыз. Бирок класста материалды түшүнбөгөндүгүнөн улам талкууга катыша албаган башка окуучулар да болду. Сабактын жүрүшүндө алдын ала иштелип чыккан критерийлердин негизинде өзүн өзү жана бири бирин текшерүү сыяктуу калыптандыруучу баалоонун ар кандай техникаларын, ыкмаларын колдонсоңуз жакшы болмок. Муну менен Сиз окуучуларды шыктандырып, алардын жасаган иштерин активдештире алмаксыз. Калыптандыруучу баалоо- окутуу процессинин негизги бөлүгү. Эгерде сабактын жүрүшүн эстесек, Сиз кыйынчылыкка дуушар болгон окуучулардын бүгүнкү материалды жакшыраак түшүнүүсү үчүн калыптандыруучу баалоонун ыкмаларын сабактын кайсы этаптарында колдонот элеңиз? [Мугалимге ойлонууга жана жооп берүүгө убакыт бериңиз]. Кесиптештериңизден айрым идеяларды алууңуз үчүн, биз сиздин кесиптештер менен топтук жолугушуубузда бул маселе боюнча талкуу жүргүзсөк болот. Ушул ыкмаларды Сиз сабакта кантип колдонуп жатканыңызды көрүү үчүн кайрадан жолугууну чыдамсыздык менен күтөм.